Гүлжигит Сатыбеков - Жөн эле


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Таанышкан кез жаз беле, же күз беле? 

Эстей албайм чагылгандуу түн эле. 

Көпкө бастык кол чатырга жанашып , 

Кармаганым колуңдагы гүл эле . 

  

Бирге жүрүп биз ойногон кез эле , 

Таарыныштык эми экөөбүз тез эле. 

“Неден жаздым?” 

Кайра кайра сурасам, 

Башың чайкап сөз айтасың, 

“Жөн эле” 

  

Жөн, жөн, жөн эле, жөнөкөй бир сөз беле? 

Жаз гүлүндөй эх сүйгөнүм, 

Гүлдөбөдүк биз неге? 

Гүлдөбөдүк биз неге? 

  

4 3 2 1 

Көздө жашың агып жаткан көл эле, 

Аттиң десең убадалар көп эле. 

Жаштык өттү сулуулукка алданып, 

Бир сөз менен сүйүү бүттү жөн эле. 

  

Жөн, жөн, жөн эле, жөнөкөй бир сөз беле? 

Жаз гүлүндөй эх сүйгөнүм, 

Гүлдөбөдүк биз неге? 

Бүрдөбөдүк биз неге? 

 

4 3 2 1 

Жөн, жөн, жөн эле, жөнөкөй бир сөз беле? 

Жаз гүлүндөй эх сүйгөнүм, 

Гүлдөбөдүк биз неге? 

Бүрдөбөдүк биз неге? 

Tag

Бекжан Темирхан