Айбек Карымов "Ооруп турат жүрөгүм"


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Сени таштап учуп кетсем куш болуп, 

Таалайыма ушул тагдыр туш болуп. 

Таарынбагын өзүң болдуң себепкер, 

Көңүлүмдүн калганына суз болуп. 

  

Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм, 

Жалгыздыктан абдан жадап жүдөдүм. 

Жакынымдан айрылуу да бат беле, 

Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм. 

  

Көздөрүңдө турган жашың термелип, 

Көкүрөктө калар балким сыр болуп. 

Көрө билип көңүлүңдө туя жүр, 

Кайтып келем сага жакшы ыр болуп. 

  

Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм, 

Жалгыздыктан абдан жадап жүдөдүм. 

Жакынымдан айрылуу да бат беле, 

Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм. 

 

4 3 2 1  

Жакшы көрүп жаным бирге деп жүрсөм, 

Жан дүйнөңдө жасалмалуу жан белең? 

Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң сен, 

Кандай жансың жакшылыгым сезбеген. 

 

Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм, 

Жалгыздыктан абдан жадап жүдөдүм. 

Жакынымдан айрылуу да бат беле, 

Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм. 

Жакынымдан айрылуу да бат беле, 

Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм. 

Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм. 

 

 

 

 

 

Tag

Элдос Алмаз