Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Көңүлүм байланабы? 

Көзгө жаш айланабы? 

Колуңду коё бербей, 

Кош дедим кайра дагы, кайра дагы. 

  

Толгонуп шашылбадым, 

Токто деп чакырбадың. 

Топ таштай чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

  

Толгонуп шашылбадым, 

Токто деп чакырбадың. 

Топчудай чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

  

Айтпадым намыс барын, 

Акырын алыстадым. 

Капарга алганың жок, 

Кабыргам кайышканын, кайышканын. 

  

Кайгырып шашылбадым, 

Кайтчы деп чакырбадың. 

Мончоктой чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

  

Кайгырып шашылбадым, 

Кайткын деп чакырбадың. 

Шурудай чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

  

Күймөлүп басып араң, 

Күн менен батып барам. 

Күн чыгат кайра-кайра, 

Мен чыкпайм, жашып барам, 

Жашып барам. 

  

Күймөлүп шашылбадым, 

Күтчү деп чакырбадың. 

Мончоктой чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

  

Толгонуп, толгонуп шашылбадым, 

Токто деп чакырбадың. 

Топчудай чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

4 3 2 1 

Күймөлүп басып араң, 

Күн менен батып барам. 

Күн чыгат кайра-кайра, 

Мен чыкпайм, жашып барам. 

 

Толгонуп шашылбадым, 

Токто деп чакырбадың. 

Топ таштай чачылганмын, 

Сен мени жоготтуңбу? 

Tag

Элмирбек Иманалиев