Жалгыз уя


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
Караоке кыргызча #20
#МайрамбекОсмонов, #Жалгызуя #Караокекыргызча, #КыргызчаЫрлар, #КыргызчаМинусовка, #КыргызчаКараоке, #КыргызчаКараоке2019

Майрамбек Осмонов.

Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,
Ал даракта неге жалгыз турасың?
Суу жетпеген, куурап калган даракта,
Өмүр бою, кантип оокат кыласың.

Канча жолу кел деп ырдап сыздадым,
Канча жолу акыл айттым укпадың,
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып,
Мени көздөй канат кагып,
Мени көздөй канат кагып учпадың.

Жалгызсырап эстейсиңби, өткөндү?
Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү.
Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп,
Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү?

Канча жолу кел деп ырдап сыздадым,
Канча жолу акыл айттым укпадың,
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып,
Мени көздөй канат кагып,
Мени көздөй канат кагып учпадың.

Сага барчу, тор тосулган жолума,
Түшүп калгам башка адамдын колуна.
Сага окшоп уя жасап алганмын,
Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.

Канча жолу кел деп ырдап сыздадым,
Канча жолу акыл айттым укпадың,
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып,
Мени көздөй канат кагып,
Мени көздөй канат кагып учпадың.

Tag

Той ыры