Элмирбек Иманалиев- Карап, карап кайрадан сени самап


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Жарыгы белең берметтин, 

Жабыркап көңүл дегдеттиң. 

Кароосуз калган кайыктай, 

Кайыр кош, жаным, мен кеттим, 

Mен кеттим... 

 

  

Карап, карап, кайрадан сени самап, 

Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм. 

Жалжалым, жалгыздыктан жадап бүттүм. 

Бүттүм, бүттүм, бүттүм. 

 

  

4 3 2 1 

Көпөлөк гүлгө коно албай, 

Көңүлүм сыздайт толо албай. 

Серпилип жүрөк кыйналды, 

Сендейлер сендей боло албай. 

Боло албай... 

 

Карап, карап, кайрадан сени самап, 

Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм. 

Жалжалым, жалгыздыктан жадап бүттүм. 

Бүттүм, бүттүм, бүттүм. 

 

Кош дегим келбейт, кош дегим, 

Козгобо, бөлөк жок кебим. 

Кор болсом жалгыз, айлам жок, 

Кош дешер кишим жок менин. 

Жок менин... 

  

Карап, карап, кайрадан сени самап, 

Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм. 

Кантейин арга жок да, 

Жан биргем, жалгыздыктан жадап бүттүм. 

Бүттүм, бүттүм, бүттүм. 

 

Карап, карап, кайрадан сени самап, 

Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм. 

Кантейин, кандай кылам? 

Жалгыздык жашоодон да тажап бүттүм. 

Бүттүм, бүттүм, бүттүм. 

 

Мен сени күтүп жүрүп күйүп бүттүм... 

Бүттүм, бүттүм, бүттүм. 

Tag

Ильястын ыры