Кубаныч Баркалбасов - Акмаржан


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Булбул сайрайт сагынычтын бутагында, 

Элесиңди боорума кысамында. 

Кара көзүм көрүнбөй кайда кеттиң? 

Өзүң болчу жан эркем кучагымда. 

Кара көзүм көрүнбөй кайда кеттиң? 

Өзүң болчу жан эркем кучагымда. 

 

  

Кайдасың сен ашыгым? 

Сени издедим жашыдым . 

Туп-тунук карашың, 

Сенин ыйык затыңды эңседим го. 

Тагынганда акмаржан , тагынганда акмаржан... 

Талаа шыбыр. 

 

  

4 3 2 1 

Муздак шамал чачтарымды тарагансыйт, 

Шерик болуп сени бирге самагансыйт. 

Кыялданып терең ойго батып кетсем, 

Алсыз дарак аярлап карагансыйт.  

Кыялданып терең ойго батып кетсем, 

Алсыз дарак аярлап карагансыйт. 

 

 Кайдасың сен ашыгым? 

Сени издедим жашыдым . 

Туп-тунук карашың, 

Сенин ыйык затыңды эңседим го. 

Тагынганда акмаржан , тагынганда акмаржан... 

Талаа шыбыр. 

 

4 3 2 1 

Тулпарымдын төрт туягы туйлап келет, 

Сен деп соккон жүрөгүм сыздап келет. 

Сага арнаган кызыл гүлүм куржунунда, 

Соолугансып ал дагы кыйнап келет. 

Сага арнаган кызыл гүлүм куржунунда, 

Соолугансып ал дагы кыйнап келет. 

 

Кайдасың сен ашыгым? 

Сени издедим жашыдым . 

Туп-тунук карашың, 

Сенин ыйык затыңды эңседим го. 

Тагынганда акмаржан , тагынганда акмаржан... 

Талаа шыбыр. 

 

Кайдасың сен ашыгым, 

Сени издедим жашыгым. 

Тоосусундай ташыгым мен 

Жүрөгүмө толуп кетти сагынычым, 

Таң сүргөндө толкуган,  

Таң сүргөндө толкуган, деңиз белең. 

 

 

Tag

Сүйүү обону