Нурила - Көлдүк жигитке


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)

Көзүнө карасам,

көл болуп баратам,

жүрөктү мынча жибитет.

Тартылып баратам,

тагдырым, тамашам,

ашыкмын көлдүк жигитке


Көлдүгүм, көлдүгүм ай,

көлдүктөн өлдүмбү ай,

көзүңдөн толкун көрдүм ай

Сезимтал көлдүгүм ай,

сезондо берди Кудай,

сезимде сени көрдүм ай


Ысык-Көл байырлап,

ыргытып кайырмак

Балыктай илдиң, көлдүгүм

Махабат тамырлап

Мадырап, жан ырдап

Жүрөктү тилдиң көлдүгүм


Көлдүгүм, көлдүгүм ай,

көлдүктөн өлдүмбү ай,

көзүңдөн толкун көрдүм ай

Сезимтал көлдүгүм ай,

сезондо берди Кудай,

сезимде сени көрдүм ай


Көңүлдүн дабасындай

Көлүмдүн абасындай

Сергитип турган кезиң ай


Өзүмдүк сезилдиң ай

Өрүктөй эзилдим ай

Жалындайт жаштык кези ай


Көлдүгүм, көлдүгүм ай,

көлдүктөн өлдүмбү ай,

көзүңдөн толкун көрдүм ай

Сезимтал көлдүгүм ай,

сезондо берди Кудай,

сезимде сени көрдүм ай

Tag

Кубаныч Баркалбасов