Эрлан Андашев, Малика Дина - Арзуу


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
Сыйкырлап бут сезимди
Каректериң көлбү же кең деңизби?
Эңсеген кыялымдагы
Махабатым сен мага эми келдиңби?

Сыйкырдуу коз карашың
Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын?
Арбалып баратам мен
Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен?

Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең?
Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең.
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздекте ак сүйүүмду эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем

321
Аярлуу гүл дүйнөмдүн
Багбаны сен болуп менин сүйгөнүм
Гүл ачып жан дүйнөмдө
Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн

Байырлап жүрөгүмдү
Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү
Бир согуп жүрөгүбүз
Кош канаттай бактылуу жүрөлү биз

Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең?
Тартуулап ак сүйүүндө жаным мага берсең.
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздекте ак сүйүүмду эми өзүңө берем
Мен өзүңө берем

Tag

Роза Шакирова