Аскат Жетиген - Зарыкканда


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Ажарыңа арбалып, 
Дидарыңа зарланып 
Муңканып ыр ырдадым, 
Булбул кушка айланып
Кыйноо салган кылыгың, 
Кызгалдактай бууралып
Күн кечке созом обон, 
Күкүк болуп үн салып
Үн салып эй, 
Үн салып ой, 
Үн салып

Айыбы жок жаралган,
Ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнадым,
Асылкечим өзүңө 
Өчпөс болуп жанасын,
Өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм, 
Өмүрлөшүм өмүрдө,
Өмүрдө эй, 
Өмүрдө ой, 
Өмүрдө

Миң сулуунун ичинен,
Бир өзүңдү каалаймын 
Туткуну болдум эркем,
Тушалган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун,
Бир өзүңдү самаймын 
Тагдырга башымды ийип,
Тартым сен деп убайың
Убайың эй, 
Убайың ой, 
Убайың

Алдыман чыга калсаң,
Ай сымал түндө жаркып 
Арзум күчөп ансайын,
Алоолойт сага тартып 
Күлмүңдөп чыга келсең, 
Күндөй жаркып таңдагы 
Суусатат бүткөн боюң,
Сулуулугун андагы 
Андагы эй, 
Андагы ой, 
Андагы
Андагы эй, 
Андагы ой, 
Андагы

Карааныңа зар болуп, 
Кайгырсам кубансамда
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм,  
Келсе деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын, 
Саргайтып сар санаада 
Арманга тумчуктурбай,
Алганым болчу жанымда
Жанымда эй, 
Жанымда ой, 
Жанымда
Жанымда эй, 
Жанымда ой, 
Жанымда

Tag

Кечки Бишкек