Гүлкайыр гүлүн төгө баштаганда


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
Эстедим жубайымды, балдарымды,
Эх дедим кырча тиштеп бармагымды.
Жыйырма жылдан бери айтпаптырмын,
Жарымдан башка жанга арманымды.

Мен сени кантип теңейм башка жанга?
Мен сени кантип кыям башкаларга?
Күдөрүм күтүүсүздөн үзүлөбү,
Гүлкайыр гүлүн төгө баштаганда.
Баштаганда, баштаганда,
Гүлкайыр гүлүн төгө ээй,
Гүлкайыр гүлүн төгө ээй,
Гүлкайыр гүлүн төгө баштаганда.

Келбеймин мындан ары, келбейм дедиң,
Кейисем кеңеш айтат мендейге ким?
Келбеттүү жигиттерден көп табарсың,
Табылбас Гүлкайырым сендей менин.
Сендей менин, Сендей менин
Табылбас Гүлкайырым ээй,
Табылбас Гүлкайырым оо,
Табылбас Гүлкайырым, сендей менин.

Сендей менин

Tag