Ишен Назаров - Апакем


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалайт мээрим жамалың,
Карызбыз сизге эселеп

Кайгымды тарттың темселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.

Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсен көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес апа сенчелик.

Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам шаң кылган.
Өмүргө бизди алып келген,
Энелер үчүн жан курман.

Кайгымды тарттың темселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.

Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсен көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес апа сенчелик.

Өмүрдө канча арман бар,
Өзүң бар демек майрам бар.
Бейиш деп сенин таманың,
Белгилеп айткан пайгамбар.

Кайгымды тарттың темселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.

Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсен көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес апа сенчелик.
Сулуу эмес эне сенчелик.

Tag

Арзуу