Курал Чокоев - Өмүр зымырайт


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Мен сага туш болуп,
Көңүлүм куш болуп,
Чарк айланам канат дирилдей...
Күндөрүм түндөргө,
Түндөрүм күндөргө,
Алмашылды көзгө илинбей...

Турмуштун сырын айт,
Таш бака кыбырайт.
А өмүр зымырайт, зымырайт, зымырайт,
Шашылбайт таш бака,
Эс алат чарчаса,
А өмүр зымырайт, зымырайт, зымырайт....

Сагынтып кээде сен,
Ардагым келбесең,
Кантип өмүр жайнайт гүл ачып?
Санаймын күндөрдү,
Санаймын түндөрдү,
Өчөшкөнсүп өтпөйт убакыт.

Кыялым алкынат,
Теминем камчылап,
А өмүр кыбырайт, кыбырайт, кыбырайт...
Өңү да, өзгөрүп,
Таш бака көздөнүп,
А өмүр кыбырайт, кыбырайт, кыбырайт...

4 3 2 1
Үмүттөй түнөрүп,
Кош десем түбөлүк,
Билбей калдым неден жаңылгам.....
Жүрөктүн өртү жок,
Дүйнөнүн көркү жок,
Жандап өтөт мезгил жанымдан...

Аппак таң аткансыйт,
Күн деле баткансыйт,
А өмүр токтогон, токтогон, токтогон....
Билсе да таш бака,
Кыбырайт таш бака,
А өмүр ташыркап, токтогон, токтогон.....

Таш бака кыбырайт,
А өмүр зымарайт...
Таш бака кыбырайт,
А өмүр зымарайт...

Tag

Акматбек Султан уулу