Азамат Токтокадыров - Соолуган Гүлдөр


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
Сезим өрттөп жүрөктү,
Жанды эзип жүдөттү.
Жашоодо ойго келбес,
Күндөр өттү.
Күлсөм сырттан кичине,
Сыздап бүттүм ичимден.
Сүйүү да тура албады,
Бир чечимге.

Жазга жетпей ээриген кардай,
Эриди сүйүүм,
Издеп жүдөдүм,
Соолуду гүлүм.

Жан, сенин жигитиң бар,
Жакының бар, 
Жаныңа жагаар,
Сүйгөнүң бар, 
Сен үчүн ал,
Түбөлүктүү жар.
А менин, сүйөөрүм сен,
Жан издеген,
Жүрөк эңсеген, 
Сүйүү издеген.

Көңүлүм эч калбады, 
Сүйсөм дагы башканы,
Сенсиз өтөөр өмүрдү, 
Мен эми көрүп баштадым,
Менде жанган махабат, 
Жаштыгымды талкалап,
Өзүм да сезбей турам, 
Кайда алып барат?
Сүйүүдө өч алууга, 
Өзүң үйрөттүң,
Издеп жүдөдүм.
Соолуду гүлүм.

Жан, сенин жигитиң бар,
Жакының бар, 
Жаныңа жагаар,
Сүйгөнүң бар, 
Сен үчүн ал,
Түбөлүктүү жар.
А менин, сүйөөрүм сен,
Жан издеген,
Жүрөк эңсеген, 
Сүйүү издеген.


Азамат Токтокадыров
Соолуган Гүлдөр 

Tag

Жүрөк сыры