Аруузатым


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Ай качанкы бир мен жоготкон асманым.

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, 
Кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Ай өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, 
Кагылайын, мага бир жолук.

4 3 2 1
Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса, алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Эй жашоо берчи жашылындай арчанын.

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүмдөн.
Аруузатым, айланайын, 
Айланайын, мага бир жолук.

Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра дагы бир төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбастан кеткенче.
Карындашым, кагылайын, 
Кагылайын, мага бир жолук.

Аруузатым, айланайын, 
Айланайын, мага бир жолук.

Tag

Ильяз Абдыразаков