Аман Эсенбеков-Арзуу


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Себелеп жамгыр төксө айланама,
Сезимдер калган өңдүү ай-талаада.
Алыста жалгыз учкан ак куу сымал,
Түгөйсүз кыйын тура,
Түгөй жок кыйын тура бул жалганда.
Алыста жалгыз учкан ак куу сымал,
Түгөйсүз кыйын тура,
Түгөй жок кыйын тура бул жалганда.

Учса да канаттуулар эки экиден,
Учууга канатым жок мен издеген.
Сагынып кусалана жүрсөм дагы,
Үмүт бар жолугууга,
Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн.
Сагынып кусалана жүрсөм дагы,
Үмүт жок жолугууга,
Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн.

Элесиң калсын менде кылымдарга,
Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Бир сага арзуу айтам,
Өзүңө арзуу айтам бул ырларда.
Жашоомдо канча жылдар калса дагы,
Сүйгөнүм сен деп жатам,
Сагынычым айтып жатам бул ырларда.

Tag

Ак кушум