Аман Эсенбеков - Кайыр кош


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Сен менден кеткиң келди, 
кеткин эми,
Таңга окшош таалайыңа,
Жеткин эми.
Өзүңдү элестетип 
турар мага,
Өксөсү басылбаган,
Жаздын жели.
Өксөсү басылбаган ий,
Жаздын жели.
Каректен кайгы жашым,
Токтобой эч,
Кусага тебеленип
курган жүрөк.
Мен үчүн татып кетет 
бир кылымга,
Өзүңсүз өтүп жаткан,
Ар бир мүнөт.
Өзүңсүз өтүп жаткан,
Ар бир мүнөт.

Кезигип түшүбүздө, 
Жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, 
Перзенттин добушундай.
Кезигип түшүбүздө, 
Жашоодо жолугушпай,
Сен мени сагынаарсың, 
Перзенттин добушундай.
Сен мени сагынаарсың, 
Перзенттин добушундай.

Кайыр кош, бакыраң көз 
бактым менин,
Эңсетер эми мени 
сенин демиң.
Жашатар шыңгыр күлкүң, 
кардай жүзүң,
Жалбырактай жупжумшак 
эриндериң.
Жалбырактай жупжумшак ий
эриндериң.

Кезигип түшүбүздө, 
Жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, 
Перзенттин добушундай.
Кезигип түшүбүздө, 
Жашоодо жолугушпай,
Сен мени сагынаарсың, 
Перзенттин добушундай.
Сен мени сагынаарсың, 
Перзенттин добушундай.
Сен мени сагынаарсың, 
Перзенттин добушундай.

Tag

Кечки туман