Динара Акулова - Аккордеон


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
Жакшы көрдүм бир жигитти капыстан,
Көрө элекмин антсе дагы жакындан.
Бар болгону үнүн угам сыздаган,
Аккордеон коштоп алып ырдаган.

Ырдагын жигит, муңдуу ырың ырдагын,
Аккордеон ойногун.
Мен жактырган ырлардан,
Аккордеон сыздагын.

Ким болду экен, кандай адам болу экен,
Махабатты ыры менен эңсеген.
Капа тартып ырдайт ырлар кайгылуу,
Балким мендей сүйгөн жарын издеген

Күндөр өтсө болоор бизде жолугуу,
Капа кетип жүрөктөгү ооруулуу.
Сен ойносоң аккордеон мен ырдап,
Балким болоор түбөлүккө кошулуу.

Tag

Бек Борбиев