Бек Борбиев - Кеталбай жүрөм


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Сүрөтүң кана,
Көлдүн жээгин бойлогон.
Ар бир мүнөт мени сүйүп,
Мени ойлогон.
Сүрөтүң кана,
Толкун менен ойногон.
Күлкүң кана шыңгыр булак,
Мен сүйүп тойбогон.
Мен сүйүп тойбогон.
Ошентип мен уктап ойгоном .

Мен сени сүйөм,
Мен дагы эле сени сүйөм.
Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун,
Айланып жүрөм.
Кете албай жүрөм,
Мен сени келет деп жүрөм.
Ыраа көрбөй сени башкага, 
Кыя албай сени башкага,
Мен сени сагынып күтүп жүрөм.

Көздөрүң кана,
Көктөм жаздай жайнаган.
Жүрөк туйлап бир караштан,
Сезим кайнаган.
Сөздөрүң кана,
Мени жипсиз байлаган.
Балыкчынын шамалындай,
Жүзүм аймаган,
Эй жүзүм аймаган,
Мени жипсиз байлаган.

Мен сени сүйөм,
Мен дагы эле сени сүйөм.
Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун,
Айланып жүрөм.
Мен кете албай жүрөм,
Мен сени келет деп жүрөм.
Ыраа көрбөй сени башкага, 
Кыя албай сени башкага,
Мен сени сагынып күтүп жүрөм.

4 3 2 1
Мен сени сүйөм,
Мен дагы эле сени сүйөм.
Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун,
Айланып жүрөм.
Кете албай жүрөм,
Мен сени келет деп жүрөм.
Ыраа көрбөй сени башкага, 
Кыя албай сени башкага,
Мен сени сагынып күтүп жүрөм.,
Мен сени сагынып күтүп жүрөм.

Tag

Карагат