Мирбек Атабеков & Акбар Кубанычбеков - Из Калтыр


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1

Бул жашоодо таза жолду танда,
Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга.
Өзүм дебей бул өмүрдө күйүп,
Эмгегиңди элиң үчүн арна.

Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда,
Чоң жарыштан, сапарыңдан калба.
Жашоодогу жеңиш ошол экен
Пайдаң гана тийсе ар бир жанга.

Ооо,
Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Ооо,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Ооо,
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Ооо,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда.

Жарык болуп күн нурундай тийсең,
Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң.
Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын,
Бул учурлар кайрылбаган ирмем.

Өзгөртөсүң келечекти бир сен,
Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең.
Адамдарга үлгү болуп дайым,
Жашагысы келгендей сен жүрсөң!

Ооо,
Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Ооо,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Ооо,
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Ооо,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда

4 3 2 1

Ооо,
Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Ооо,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Ооо,
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Ооо,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда

Tag

Мен сүйгөн карагат