Гульназ Чыныбек кызы - Жолуксак кандай жакшы


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Чыныгы жүздөр менен,
Чыры жок сөздөр менен.
Жаркырап күлүп турган,
Жайнаган көздөр менен.
Жолуксак кандай жакшы,
Жолуккан кандай жакшы,
Жолуккан кандай жакшы.

Сагынган жүрөк менен,
Эң жакшы тилек менен.
Кучактап бекем кысып,
Кубаттуу билек менен.
Көрүшкөн кандай жакшы,
Жолуккан кандай жакшы,
Жолуксак кандай жакшы.

4 3 2 1
Амандык болсун дешет,
Бөксөлөр толсун дешет.
Байырлап башыбызга,
Бак дөөлөт консун дешет.
Бар болсок кандай жакшы,
Бар болгон кандай жакшы,
Бар болсок кандай жакшы.

Өйдөдө өбөк болуп,
Ылдыйда жөлөк болуп.
Туугандар жай турмушта,
Жакшылык себеп болуп.
Жолуксак кандай жакшы,
Жолуккан кандай жакшы,
Жолуксак кандай жакшы.
4 3 2 1
Жолуккан кандай жакшы,
Жолуксак кандай жакшы,
Жолуккан кандай жакшы.

Tag

Жүрөктө сенсиң жаным