Динара Багышбаева - Мен сени сагынгым келет


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 
Күлгөн күлкүм, черткем күүм ырларым,  
Сага гана арналганын бил жаным, бил жаным 
Бакыттын бул мелт-калт толгон, мелт-калт толгон кесеси,   
Эч бөксөртпөй ээлеп тургун жыргалым.  
Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, ээлеп тургун жыргалым 

Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет,  
Мен сага таарынгым келет.  
Мен сени сагынгым келет,  
Ээ-ээ-ээ-ээй
Мен сени сагынгым келет.  

Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген,  
Эстен кетпейт эс тандырган көз ирмем, көз ирмем. 
Эгиз жандай өткөрөлү, өткөрөлү өмүрдү,  
Экөөбүзгө энчиленип бир келген.   
Экөөбүзгө энчиленип, энчиленип бир келген. 

Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет,  
Мен сага таарынгым келет.  
Мен сени сагынгым келет,
Ээ-ээ-ээ-ээй  
Мен сени сагынгым келет.  

Tag

Курал Чокоев