Бек Борбиев - Сен мага керексиң


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1  
Күнүм болуп асманда шириним, 
Сен ар дайым күлүп жүр. 
Канча аралык ортодо болсо да, 
Сүйөөрүмдү билип жүр.  
Жалгыз ырым болсо да, дүйнөдө  
Ырдаганым сен болмок   
Ал ыр кезип ааламды шириним  
Миң дастанга тең болмок   
  
Сен мага керексиң  
Тагдырыма белексиң  
Тоо кырында гүлгө окшош махабатым  
Бактыма себепсиң  
 
Ээ-ээ-ээ-эй, Керексиң!  
Тагдырыма белексиң  
Тоо кырында гүлгө окшош махабатым  
Бактыма себепсиң.  
     
   
Азоо жаштык азгырат шириним   
Аптабына бой бербе   
Агымы күч дайрадай анын   
Ишенчимди кой бербе   
Жоготуп мен албайын шириним   
Көздөрүңө бекем бол   
Жок издетип албайын жаным   
Сөздөрүңө бекем бол   
    
 
Сен мага керексиң  
Тагдырыма белексиң  
Тоодо кырында гүлгө окшош махабатым  
Бактыма себепсиң  
 
Керексиң!  
Тагдырыма белексиң  
Тоо кырында гүлгө окшош махабатым  
Бактыма себепсиң.  
 
Сен мага керексиң Оо-оо-оо.
Оо-оо-оо-оо, Керексиң!  
Тагдырыма белексиң  
Тоодо өскөн гүлгө окшош махабатым  
Бактыма себепсиң.  
Тоодо  өскөн гүлгө окшош махабатым  
Сен мага керексиң!  
 

Tag

Аруузатым