Той ыры


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
#тойырлары, #Тойыры, #Кубанычтардайраболуп
Роза Шакирова
Той ыры

Сөзү : Тургуналы Нурматовдуку
Обону : Тургуналы Нурматовдуку

Кубанычтар дайра болуп агылып, 
Келин келет ак шөкүлө жамынып. 
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн, 
Той башталды алакандар чабылып. 

Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки, турба! 
Бийлейли, бийлейли, кошто жигит ырда.
Бактылуу болгула, ишке ашып оюңар,
Кут болсун, кут болсун үйлөнүү тоюңар.

Ак тилектер ак ниеттен айтылып, 
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмесе ак-жол тилеп эки жашка,
Каалайлы, узун өмүр, чексиз бакыт.

Жоодураган көздөр көзгө куралып, 
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып. 
Абийирдүү, арнамыстуу болсун деп,
Ата-энелер бата берет кубанып.

Кайырма:

Tag

Ортомчу бизге Ысык-Көл