Динара Жусаева - Кетпейм сага жолукмайынча


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Колдоруңдан алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.

Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүңдү угуу майрамдардын майрамы,
Жаным бирге жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.

4 3 2 1
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.

Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Кетпейм сүйүү сырын бөлүшмөйүнчө.

Tag

Сен жүрөсүң келалбай