Эрлан Андашев - Ашыгым


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Бүгүн да сени сагынам, 

Сени издеп күндө жалынам. 

Бакытым, гүлүм, жан эркем, 

Өзүңдү сүйүп сагынамын. 

Карааның эңсеп кагылам, 

Кайсы күнү сага кабыламын ай, 

Кабыламын ий. 

 

  

Көздөрүң нурдан тараган, 

Көңүлүм сенсиң самаган. 

Көрүнбөй калсаң садагам, 

Санаага батып сагынамын. 

Ашыктык отуң арнаган, 

Айта албай бир сага каламынбы ай, 

Каламынбы ай. 

 

 4 3 2 1 

Ой басып күндө баратам, 

Оолугуп ырлар жаратам. 

Жүзүңдөн сүйүп элестеп, 

Жүрөктү күндө жылытамын. 

Өзүң деп жүрүп өзгөчөм, 

Өзүңө бир качан жолугамын ай, 

Жолугамын ай. 

 

  

Катарлаш басып баратсам, 

Кармасам деймин колуңан. 

Капилет анан адашып, 

Калбасам деймин жолуңан. 

Жаныңан артык жан адам, 

Жыргалым сенсиң махабатым ай, 

Махабатым ай. 

Tag

Сүрдөтпөчү