Эрлан Андашев - "Кайдасың"


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Карааның издеп мен баратам, 

Кезигип кайрадан адашкан.  

Көзүңдөн көргөндөй сүйгөнүмдү, 

Сүйүүнүн азабын тарттым анан. 

Оп-окшош карегиң оттой жанган, 

Мен көрүп эстен тана сүйүп турам. 

Айрылуу азабым унуткарып, 

Даба бол жүрөккө жабыркаган.  

  

И-ий кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды? 

О-ой карааның издеп мен таба албай каламынбы? 

Жолуккум келет мен жаным сага, 

Дартымды дарылар өзүң гана. 

  

Кезигем мен сага кайрадан, 

Табамын карааның адашкан.  

Өзүңдөн бир гана өтүнүчүм, 

Жүз буруп кетпечи садагам. 

Жан дүйнөм жабыркап армандан ай, 

Жүрөмүн чыга албай мен санаадан. 

Жолугуп үмүттү жандыргын сен, 

Жашоомо жан бергин сен кайрадан. 

 

И-ий кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды? 

О-ой карааның издеп мен таба албай каламынбы? 

Жолуккум келет мен жаным сага, 

Дартымды дарылар өзүң гана. 

 

4 3 2 1 

И-ий кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды? 

О-ой карааның издеп мен таба албай каламынбы? 

Жолуккум келет мен жаным сага, 

Дартымды дарылар өзүң гана. 

Жолуккум келет мен жаным сага, 

Дартымды дарылар өзүң гана. 

 

 

 

Tag

Акбар Кубанычбеков