Байландым


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
Байландым мен өзүңө
Өзүмдү карайм күзгүдөн.
Баш ийбей сенин сөзүңө
Сүзүлүп барам жүзүңө

Жүзүңдөй ширин
Көрбөдүм бирин
Сага окшош
Мен баягыдай тескери жүрөм

Көздөрүң, мага жагат кара мончок көздөрүң,
Сен тарапка кайра көздөдүм.
Кызганычтан кете берем өзгөрүп,
Төңкөрүп, көңтөрүп.
Эшикте суукка мен өрттөнүп,
Көздөрүмөн улам-улам жаш төгүп,
Өзүмдүкүн бербей турам көгөрүп.

Жок, жок сен түшүнбөдүң мени,
Болду эми сага такыр ишенбеймин дедиң.
Ортобузда боло берет мейли,
Меники чын, сеники туура дейли.

Кучакташып сейилдеп,
Сарсанаага батып кейибейли.
Курсагымды тойгуз деймин,
Догурунуп эркелеймин.

Алоолонгон сүйүүм сезилбейби,
Турат кулактарым делдейип.
Шар аккан селдей,
Жылуу желдей.
Бирбизге байландык,
Кантип өзүм билбейм.
Бирок эч кимге бербейм,
Кеч кирди издей,
Беребиз бирдей.
Издей беребиз бирдей.

Байланып мен өзүңө,
Өзүмдү карайм күзгүдөн.
Баш ийбей сенин сөзүңө,
Сүзүлүп барам жүзүңө.

Жүзүңдөй ширин
Көрбөдүм бирин
Сага окшош
Мен баягыдай тескери жүрөм

Көздөрүң, мага жагат кара мончок көздөрүң,
Сен тарапка кайра көздөдүм.
Кызганычтан кете берем өзгөрүп,
Төңкөрүп, көңтөрүп.
Эшикте суукка мен өрттөнүп,
Көздөрүмөн улам-улам жаш төгүп,
Өзүмдүкүн бербей турам көгөрүп.

Көздөрүң, мага жагат кара мончок көздөрүң,
Сен тарапка кайра көздөдүм.
Кызганычтан кете берем өзгөрүп,
Төңкөрүп, көңтөрүп.
Эшикте суукка мен өрттөнүп,
Көздөрүмөн улам-улам жаш төгүп,
Өзүмдүкүн бербей турам көгөрүп.

Tag

Аккордеон