Нурлан Насип - "Унутпа"


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Экөөбүз жолукчу жер, 

Көлдүн жээги, аба салкын, аай, 

Күндөгүдөн баскандарың, 

Бүгүн эртең, арбын, арбын, аай. 

Шашкансып толкундарды кечип өттүм, 

Кол сунуп, жолугарда ойго чөктүң. 

Оюмда эч нерсе жок ай кучактасам аай, 

Башкага жар болдуң деп, 

Башкага жар болдуң деп, 

Ыйлап өптүм. 

 

Махабат бооруң ташпы? 

Агыздың го көздөн жашты, аай. 

Бактымды кармай албай, 

Бул сүйүүдөн көңүл калды, аай. 

Тилеген ой бар эле дагы канча, 

Сөз бүтпөй сүйлөшө элек ай чыкканча. 

Алтыным кош болгун деп, кете бердиң, аай, 

Көзүмдөн акты жашым, 

Көзүмдөн акты жашым, узаганча. 

 

4 3 2 1 

Кызарып күн жаңыдан, 

Тоого кирип баткан эле, аай. 

Көл дагы коштошконсуп, 

Жээке сунуп чачкан эле, аай. 

Кааларым бакыт кушун таабарыңды, 

Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды. 

Кош эми түбөлүккө бактылуу бол, аай. 

Унутпа сени сүйгөн, 

Унутпа сени сүйгөн адамыңды. 

Унутпа сени сүйгөн, 

Унутпа сени сүйгөн адамыңды. 

Tag

"Жамиля"