Гүлжигит Сатыбеков -Кош бол


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Бүт дүйнөм арман болуп, 

Карекке жаштар толуп. 

Жаш менен агып барат, 

Эсимден танып барат. 

Армандарга, күйүттөргө, 

Кайгыга батып барат. 

  

Ишенбеймин, ишенбеймин ал сөздөргө, 

Кантип эле, кантип эле башка бүлө. 

Чокту салып, такты салып жүрөктөргө, 

Тагдырга баш ийип, турмушка баш ийип 

Жашайбыз бул өмүрдө, жете албай сүйгөнүңө. 

  

Токтобой жаштар улам, 

Кайгынын жигин улай, 

Асманым көчүп барат, 

Көз жашым төгүп барат. 

 

Армандарга, күйүттөргө, 

Кайгыга чөгүп барат. 

Ишенбеймин, ишенбеймин жалгандарга, 

Кантип эле, кантип эле ал башкага. 

 

Жолдош кылып, курдаш кылып армандарга, 

Жүрөккө кайгыны, көңүлгө кусаны. 

Калтырып кеттин мага 

Кош болгун эхх садага. 

Бактылуу болгун деп, 

Таалайлуу болгун деп, 

Бак-тилек арнайм сага, 

Кош болгун эхх садага 

Кош болгун эхх садага 

Кош болгун эхх садагам… 

Tag

Акжолтой Канатбек уулу