Сыймык Бейшекеев - Сага


Караоке жана обондун арасында канча секунд кечигүү болсун (+караоке эрте башталат обондон)(-караоке кеч башталат обондон)
4 3 2 1 

Алыстан келсем сага кусаланып, 

Айылымдан кетиптирсиң узап алыс. 

Арнаган гүлдүн сага бариктери, 

Алдымда турду түшүп ушаланып. 

 

Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, 

Жоругуңду жазчу элем айдан алып. 

Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, 

Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. 

 

Артыңдан барсам издеп кабар алып, 

Алдымдан чыктың капыс балаңды алып. 

Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп, 

Амандык сурашканга жарабадык. 

 

Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, 

Жоругуңду жазчу элем айдан алып. 

Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, 

Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. 

 

4 3 2 1 

Жол жок эми өзүмдү куткарууга, 

Жакшы болбойт турмушуң бузганымда. 

Жооктотуп өзүмдү койдум алдап, 

Жолдошуңду жакшы деп укканымда. 

 

Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, 

Жоругуңду жазчу элем айдан алып. 

Жол боюнда ыйлаарың кайдан билдим, 

Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. 

 

Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, 

Жоругуңду жазчу элем айдан алып. 

Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, 

Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. 

Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, 

Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. 

Ак жолугуң кыйшайтып байлап алып. 

Tag

Бегимай